+996 (312) 56 28 97
gosdeptek@gmail.com
Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттерине лекция окушту

Аталган иш-чара 2018-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 токтому менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын алкагында өттү.    

Лекцияга Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин энергетикалык факультетинин окутуучулары, студенттери жана мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери катышты.  

Лекциянын жүрүшүндө мамлекеттик агенттиктин мониторинг жана комплекстүү талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жаркын Омурзакова студенттерге “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү” тууралуу кенен маалымат берди.

Ал эми тарифти жана бааны жөнгө салуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ислам Мырзаканов студенттерге “Тарифти жөнгө салуу жана бааны аныктоо методикасы” тууралуу лекция окуду.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер темалардын алкагында өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.

 

В ленту новостей: 

Filtered HTML

  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Разрешённые HTML-теги: <a> <em> <strong> <cite> <blockquote> <code> <ul> <ol> <li> <dl> <dt> <dd>
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.

Plain text

  • No HTML tags allowed.
  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.