+996 (312) 56 28 97
gosdeptek@gmail.com
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаары, 2014-жылдын 17-июну № 336 2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2014-жылдын 17-июну № 336

2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө

Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын туруктуу өнүгүүсүн, туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу. инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилсин:

- 2014-2017-жылдарга электр энергиясына, 1-тиркемеге ылайык;

- 2014-2017-жылдарга жылуулук энергиясына, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергияларына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте 2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты ишке ашыруу менен байланышкан калктын аз камсыз болгон катмарын жана пенсионерлерди социалдык коргоо жөнүндө тиешелүү сунуштарды белгиленген тартипте киргизишсин.

4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-апрелиндеги № 7 "Электр жана жылуулук энергиясына тарифтер жөнүндө" токтому 2014-жылдын 1-июлунан тартып күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 24-июнунда N 49 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Дж.Оторбаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 17-июнундагы
№ 336 токтомуна
1-тиркеме

2014-2017-жылдарга электр энергиясына Кыргыз Республикасынын
ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ТАРИФТИК САЯСАТЫ

1. Киришүү

Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык потенциалы 142 млрд. кВт.с болсо жыл сайын орточо 14 млрд. кВт.с электр энергиясы иштелип чыгат.

Мурда СССРдин Бирдиктүү энергетика тутумунун курамдык бөлүгү катары кыргыз энергетика тутумуна жыл сайын 65 млн. АКШ доллары жумшалган, бул энергетика объекттерин ургаалдуу курууга мүмкүндүк берген, ошону менен экономиканы, социалдык чөйрөнү жана калкты электр менен камсыз кылуунун ишенимдүүлүгүнүн жогорку деңгээлде болушун камсыз кылган.

Эгемендикке ээ болгону мурдагы бардык советтик республикалар башка республикалардын энерготутумдарына көз каранды болбоо багытындагы иштерди жүргүзүштү. Ушуга байланыштуу 1991-2010-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасы жогорку вольттуу көмөк чордондорду жана тарамдарды курууга 370 млн. АКШ долларын жумшады.

Өлкөнүн жетекчилиги тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2010-жылдан тартып электр энергетика секторуна инвестициялар келе баштаганы байкалат. Атап айтканда электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруу башталды: Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадын, Камбар-Ата ГЭС-1ди, бир катар чакан ГЭСтерди куруу, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо, Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо, Токтогул ГЭСин, Ат-Башы ГЭСин жана башкаларды модернизациялоону жүзөгө ашыруу. "Датка" жана "Кемин" көмөк чордондорун, "Датка-Кемин" жана "Датка-Худжант" электр энергиясын берүүнүн жогорку вольттуу чубалгыларын куруу, ошондой эле эскирген трансформаторлорду модернизациялоо, электр берүүнүн кабелдик жана аба чубалгыларын алмаштыруу, эсепке алуунун заманбап электрондук приборлорун, анын ичинде алдын ала төлөө менен орнотуу, ошондой эле электр энергиясын контролдоонун жана эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун орнотуу. Бул долбоорлорду ишке ашырууга 5 млрд. АКШ долларынан ашык инвестиция каралган, алардын ичинен 760 млн. АКШ доллары өздөштүрүлүүдө.

Жетиштүү резервдик кубаттуулук, көбүнчө кышында болбойт, бул өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет, электр энергиясын ички керектөөнүн өсүшү 4-5%ды түзөт.

Ошондой эле акча каражаттары тартыш болгон учурда энергетика секторуна инвестицияларды салуу тармактын ансыз деле оор финансы-экономикалык абалын андан бетер начарлатты.

Алсак, мисалы, 2013-жылы электр жана жылуулук энергиясын сатуудан энергетика компанияларынын кирешеси менен чыгымдарынын ортосундагы айырма 4,6 млрд. сомду түзсө (киреше - 11,4 млрд. сом, чыгым - 16 млрд. coм), 2014-жылы каражаттардын тартыштыгы 6,7 млрд. сомду түздү (киреше - 12 млрд. сом, чыгымдар - 18,7 млрд. сом).

Энергетикалык тармактагы татаал финансылык кырдаал алдыдагы кургакчылык мезгилде жана электр энергиясын экспортко берүү үчүн жетиштүү өлчөмдөгү суунун жоктугуна байланыштуу татаалдашат, андан түшкөн каражаттар, эреже катары, Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдери үчүн отун сатып алууга жумшалат.

Натыйжада энерготутумда оңдоо иштерин жүзөгө ашырууга, эскирүү ченеми 25% болгондо 50%га жеткен эски жабдууларды модернизациялоону жана жаңыларын сатып алууну дайыма толук каржылай албагандык байкалат, бул болсо көп учурда аварияларга жана электр энергиясын берүүдө көрсөтүлүүчү кызматтардын белгиленген параметрлерин (чыңалуунун жана жыштыктын деңгээлин) сактабагандыкка алып келет.

Андан сырткары энерготутумду калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн өздүк жана карыз алынган каражаттардын зарыл болгон көлөмүн камсыз кылуу максатында энергетика компанияларынын негизги фонддорун кайрадан баалоо зарыл.

Электр энергиясын кышкы мезгилде суткалык керектөө жайкы мезгилге салыштырганда жыл сайын дээрлик үч эсеге көбөйүүдө. Бул керектөөчүлөрдүн бардык жерде электр энергиясын жылытууга, ысык суу менен жабдууга жана тамак даярдоого пайдаланууга өтүшү менен байланышкан, анткени анын наркы жаратылыш газынын, көмүрдүн жана мазуттун наркынан кыйла төмөн.

Республиканын энергетика тутумунда акча каражаттарынын тартыштыгын жабуу жана энергетика тармагына карыз каражаттарды андан ары тартууну болтурбоо максатында электр энергиясына тарифтердин деңгээлин жогорулатуу зарылдыгы бышып жетилди.

Ушуга байланыштуу 2014-2017-жылдарга электр энергиясына Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (мындан ары - Тарифтик саясат) иштелип чыкты.

Ушул Тарифтик саясаттын негизги максаты тарифтерди электр энергиясын сатуудан түшкөн киреше аны иштеп чыгууга, берүүгө жана бөлүштүрүүгө кеткен сарптоолорду жабууга мүмкүндүк берген деңгээлге чейин жеткирүү болуп эсептелет.

Тарифтик саясат 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасынын жана 2025-жылга чейин отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн стратегиясынын жана 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында, "Энергетика жөнүндө" жана "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен иштелип чыкты.

2. Жалпы принциптер

Ушул Тарифтик саясат төмөнкү базалык принциптерге негизденет:

- тарифтер энергетика компанияларынын электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу менен байланышкан бардык сарптоолорун (жабдууларды пайдалануу чыгымдары, техникалык тейлөө, электр энергиясынын ченемдик (техникалык) жоготуулары, карызды тейлөө, капиталдык салымдар жана башкалар) жабууга тийиш.

- кирешесинин деңгээли төмөн болгон электр энергиясынын тиричиликтик керектөөчүлөрүнө (калкты) субсидия берүү социалдык коргоонун өкмөттүк программалары аркылуу даректүү ишке ашырылууга тийиш.

3. Тарифтер

Учурдагы тарифтерди талдоо жана алардын келечеги.

Азыркы учурда керектөөчүлөрдү топторго бөлүү төмөнкү принциптердин негизинде жүргүзүлөт:

- аларды каржылоо булагына (бюджеттик жана бюджеттик эмес);

- электр энергиясын пайдалануу максаттарына (тиричилик, өнөр жай, насостук станциялар, башка же коммерциялык).

Керектөөчүлөрдү мындай бөлүштүрүү конкреттүү керектөөчүнү электр менен жабдууга байланышкан энергетика компанияларынын иш жүзүндөгү сарптоолорун чагылдырууга мүмкүндүк бербейт жана электр энергиясынын реалдуу наркын бурмалоого алып келет.

Ушул Тарифтик саясатта керектөөчүлөрдүн ар түрдүү топторунун ортосундагы, ошондой эле электр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн ортосундагы кайчылаш субсидия берүүнү акырындык менен жоюу каралат.

Бекитилген тарифтер электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга, энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүүгө жана керектөөчүлөрдү энергия менен жабдуу сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Тарифтик саясатты иштеп чыгууда электр энергиясынын жоготууларын акырындык менен азайтууну эске алуу менен операциялык иштерге болгон чыгымдар гана эсепке алынган.

Электр энергиясын генерациялоого, берүүгө жана бөлүштүрүүгө тарифтердин эсептөөлөрү энергожабдууларды жана тарамдарды жаңылоо жана модернизациялоо үчүн амортизациялык каражаттардын ченемдеш көлөмүн камсыз кылуучу негизги каражаттарды эске албастан келтирилген.

Тиричилик абоненттери

Азыркы учурда эң төмөнкү тариф тиричилик керектөөчүлөрү үчүн колдонулат. Бүткүл энерготутум боюнча электр энергиясын керектөө түзүмүндө тиричилик керектөөчүлөрдүн салыштырма салмагы 65%ды түзөт.

Ушул Тарифтик саясаттын принциптерин ишке ашыруу максатында 2014-жылдын 1-июлунан тартып тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн төмөнкү тарифтерди киргизүү сунушталат:

- 3 фазалык кирүүсү барларга - инфляцияны эске алуу менен электр энергиясынын өздүк наркынын деңгээлинде. 2014-жылга пландалган электр энергиясынын өздүк наркы 1 кВтс үчүн 115,67 тыйынды түзөт (96,3 тыйын - монополияга каршы орган ырастаган өздүк наркы, + 15% - рентабелдүүлүк);

- 1 фазалык кирүүсү барларга - 2015-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөткө бир коюмдуу тариф 1 кВтс үчүн 70 тыйын. Ал эми 2015-жылдын 1-апрелинен тартып 2017-жылга чейин жыл сайын бул тариф 20%га көбөйөт (рентабелдүүлүк + инфляция).

Насостук станциялар

Айыл жерлеринин жашоочуларынын кирешесинин төмөндүгүн эске алып, аларды ичүүчү суу менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыз кылуучу насостук станциялар жана скважиналар үчүн электр энергиясына тариф мурунку жыл үчүн иш жүзүндөгү инфляциянын чоңдугуна гана жыл сайын түзөтүү менен, социалдык тарифтин деңгээлинде калат.

Калган бардык насостук станциялар жана скважиналар үчүн электр энергиясына тариф өнөр жай жана башка абоненттерге коюлган тарифтерге теңдештирилет.

Өнөр жай, бюджеттик жана башка тиричилик эмес абоненттер

Өнөр жай, бюджеттик, айыл чарба жана башка чарбалык эмес абоненттер үчүн электр энергиясына тарифтер мурунку жыл үчүн иш жүзүндөгү инфляциянын чоңдугуна карата жыл сайын түзөтүлөт.

Буга байланыштуу 2014-жылдын 1-июлунан баштап, андан ары ар бир жылдын 1-апрелинен тартып электр энергиясына жыл сайын тарифтерди көтөрүү сунушталат, ал ушул Тарифтик саясаттын тиркемелерине ылайык ишке ашырылат.

4. Корутунду

Республиканын электр энергетика тармагынын туруктуу жана ишенимдүү өнүгүшүн камсыз кылуу максатында Тарифтик саясатты ишке ашырууда социалдык-саясий факторлордун таасирин болтурбоо менен, энергокомпаниялардын чарба ишин жүргүзүүсүнүн экономикалык негизделген принциптерин жетекчиликке алуу зарыл.

Тарифтик саясаттын акыркы максаты болуп керектөөчүлөрдүн ар түрдүү категорияларынын ортосундагы кайчылаш субсидиялоону четтетүү жана электр энергиясын иштеп чыгууга, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөчүлөргө жеткирүүгө кеткен реалдуу сарптоолорго шайкеш келген тарифтердин деңгээлине чейин жеткирүү саналат.

Энергетика тармагындагы акча каражаттарынын тартыштыгына байланыштуу оңдоо иштери жана энергетика жабдууларын кайра конструкциялоо толук көлөмдө аткарылбай келет, бул кошумча инвестицияларды тартууну талап кылат, аны кайтаруу бул сарптоолорду тарифке кошуу аркылуу каралган.

Учурдагы жылга электр энергиясына пландалган тариф мурунку жылга иш жүзүндөгү инфляциянын чоңдугуна карата түзөлөт.

Ушул Тарифтик саясатты ийгиликтүү ишке ашыруу калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык коргоо чөйрөсүн реформалоо темптерине жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жараша болот.

Ушул Тарифтик саясаттын максаттарына жетишүү өлкөнүн экономикасынын олуттуу бюджетин түзүүчү тармактарынын биринин ийгиликтүү иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылууга, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын инвестициялык жагымдуулугун көтөрүүгө мүмкүндүк берет.

 

 

 

2014-2017-жылдарга электр энергиясына
Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү
тарифтик саясатына
1-тиркеме

Акыркы керектөөчүлөр үчүн (Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун керектөөчүлөрүнөн тышкары) электр энергиясына тарифтерди көтөрүү темптери жана алардын чоңдуктары (салыктарды эсепке албаганда)

Керектөөчүлөрдүн тобу

Ченөө бирдиги

2014-ж.

2014-ж. 01.07. тартып

2015-ж. 01.04. тартып

2016-ж. 01.04. тартып

2017-ж. 01.04. тартып

1

Калк, анын ичинде

 

 

 

 

 

 

1.1

1 фазалык кирүүсү бар абоненттер

тыйын/кВтс

70,0

70,0

84,0

100,8

121,0

Өсүү

%

 

0%

20,0%

20,0%

20,0%

1.2

3 фазалык кирүүсү бар абоненттер

тыйын/кВтс

70,0

120,3(*)

128,7

137,7

147,4

Өсүү

%

 

71,8%

7,0%(***)

7,0%

7,0%

2

Бюджеттик керектөөчүлөр

тыйын/кВтс

132,7

138,0

147,7

158,0

169,1

Өсүү

%

 

4,0%(**)

7,0%

7,0%

7,0%

3

Айыл чарбасы

тыйын/кВтс

132,7

138,0

147,7

158,0

169,1

Өсүү

%

 

4,0%

7,0%

7,0%

7,0%

4

Өнөр жай

тыйын/кВтс

132,7

138,0

147,7

158,0

169,1

Өсүү

%

 

4,0%

7,0%

7,0%

7,0%

5

Башка керектөөчүлөр

тыйын/кВтс

132,7

138,0

147,7

158,0

169,1

Өсүү

%

 

4,0%

7,0%

7,0%

7,0%

6

Насостук станциялар

тыйын/кВтс

70,0

72,8

77,9

83,3

89,2

Өсүү

%

 

4%

7,0%

7,0%

7,0%

Эскертүү:

(*) - 120,3 тыйын/кВтс (2014-жылдагы өздүк нарк - 115,67 тыйынды х 2013-жыл үчүн 4% инфляцияга);

(**) - 4% - 2013-жыл үчүн иш жүзүндөгү инфляция;

(***) - 7% мурунку жыл үчүн пландалган инфляция.

 

 

 

2014-2017-жылдарга электр энергиясына
Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү
тарифтик саясатына
2-тиркеме

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акыркы керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясына тарифтерди көтөрүү темптери жана алардын чоңдуктары (салыктарды эсепке албаганда)

Керектөөчүлөрдүн тобу

Ченөө бирдиги

2014-ж.

2014-ж. 01.07. тартып

2015-ж. 01.04. тартып

2016-ж. 01.04. тартып

2017-ж. 01.04. тартып

1

Калк, анын ичинде:

 

 

 

 

 

 

1.1

150 кВтс чегиндеги бардык абоненттер

тыйын/кВтс

4,5

4,5

4,5

4,5

4,5

Өсүү

%

 

0,0

0,0

0,0

0,0

1.2

150 кВтс жогору 1 фазалык кирүүсү бар абоненттер

тыйын/кВтс

70,0

70,0

84,0

100,8

121,0

Өсүү

%

 

0%

20,0%

20,0%

20,0%

2

Бюджеттик керектөөчүлөр

тыйын/кВтс

132,7

138,0

147,7

158,0

169,1

Өсүү

%

 

4,0%(**)

7,0%

7,0%

7,0%

3

Айыл чарбасы

тыйын/кВтс

132,7

138,0

147,7

158,0

169,1

Өсүү

%

 

4,0%

7,0%

7,0%

7,0%

4

Өнөр жай

тыйын/кВтс

132,7

138,0

147,7

158,0

169,1

Өсүү

%

 

4,0%

7,0%

7,0%

7,0%

5

Башка керектөөчүлөр

тыйын/кВтс

132,7

138,0

147,7

158,0

169,1

Өсүү

%

 

4,0%

7,0%

7,0%

7,0%

6

Насостук станциялар

тыйын/кВтс

8,9

8,9

8,9

8,9

8,9

Өсүү

%

 

0,0

0,0

0,0

0,0

Эскертүү:

(*) - 120,3 тыйын/кВтс (2014-жылдагы өздүк нарк - 115,67 тыйынды х 2013-жыл үчүн 4% инфляцияга);

(**) - 4% - 2013-жыл үчүн иш жүзүндөгү инфляция;

(***) - 7% - мурунку жыл үчүн пландалган инфляция.

 

 

 

2014-2017-жылдарга электр энергиясына
Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү
тарифтик саясатына
3-тиркеме

Энергетика тутуму боюнча электр энергиясына орточо коюлган тариф

Аталышы

Ченөө бирдиги

2014-ж.

2014-ж. (01.07.2014-ж. тартып көбөйтүүнү эсепке алуу менен)

2015-ж.

2016-ж.

2017-ж.

Тариф

сом/кВт.ч

0,90

0,95

1,14

1,27

1,42

Орточо коюлган тариф сом менен коюлган көлөмдүн акыркы керектөөчү тарабынан алынган кВтс электр энергиясынын көлөмүнө болгон катышы катары аныкталат.

Акыркы керектөөчүлөр - бул бөлүштүрүүчү электр компанияларынын керектөөчүлөрү, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жана "Кыргызстандын УЭТ" ачык акционердик коомунун тикелей акыркы керектөөчүлөрү; 1,3 жогорулатылган коэффициентти эсепке алуу менен электр энергиясын алган "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому, ошондой эле экспорттолуучу электр энергиясын керектөөчүлөр.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 17-июнундагы
№ 336 токтомуна
2-тиркеме

2014-2017-жылдарга жылуулук энергиясына Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясаты

1. Киришүү

Жылуулук энергиясына тарифтерди белгилөө артыкчылыктуу тартипте каралуучу маселе болуп эсептелет.

Кирешенин деңгээли төмөн болгондуктан, керектөөчүлөрдүн дээрлик бөлүгү жылуулук энергиясына өздүк нарк боюнча төлөөгө жөндөмсүз. Азыркы убакта 1 Гкал жылуулук энергиясынын өздүк наркы 1557,3 сомду түзүүдө, ал эми тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн белгиленген тариф 715,0 сомду түзөт. Ошону менен бирге, керектөөчүлөрдү өчүрүү, ошондой эле жылуулук энергиясына тарифтерди кескин көтөрүү жылуулук менен камсыз кылуучу ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн баш тартууга жана электр менен жылытууга жапырт өтүүгө алып келет, жыйынтыгында электр энергиясын керектөө жогорулайт, бул электр энергетика тармагынын абалын начарлатат.

Акыркы он жылдан бери Бишкек шаарынын калкынын иш жүзүндөгү саны дайыма көбөйүп жаткандыгын белгилөө зарыл. Алсак, расмий маалыматтарга ылайык, 2013-жылдын 1-январына карата шаардын аймагында туруктуу жашаган жарандардын саны 940 миң адамды түзгөн, ал эми убактылуу жашагандарды эсепке алганда - 1,3 млн. адамдан ашык.

Акыркы жылдары жылуулук энергетикасында жалпы абал колдонуудагы негизги каражаттардын эскириши, өнөкөт жетишсиз каржылоо жана иштин натыйжалуулугунун төмөндөшү менен мүнөздөлөт. Ушуга байланыштуу жылуулук энергетикасындагы жабдуулардын олуттуу бөлүгүн алмаштыруу жана кайра конструкциялоо максаттарына финансы каражаттарын салуу зарылдыгы келип чыкты. Бул жылуулук менен камсыз кылуунун ишенимдүүлүгүнүн жана коопсуздугунун алгылыктуу деңгээлин камсыз кылуу, ошондой эле борбордук жылытуу тутумун өнүктүрүү үчүн керек.

Көп жылдардан бери кайчылаш субсидиялоо тутуму сакталып келет, мында калк керектөөчүлөрдүн башка категорияларынын (өндүрүштүк, башкалар) эсебинен субсидияланат. Андан сырткары, жылуулук энергетикасы электр энергетикасынын эсебинен субсидияланууда.

Ушуга байланыштуу, жылуулук энергиясына теңделген тарифтик саясатты жүргүзүү керек, ал орто мөөнөттүү келечекте анын өздүк наркына жетүүгө мүмкүндүк берет.

2014-2017-жылдарга жылуулук энергиясына Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын (мындан ары - Тарифтик саясат) негизги максаты жылуулук энергетикалык тармагынын өзүн актоочулук принциптерин акырындык менен киргизүү жана жылуулук энергетика тармагында тариф түзүүдө кайчылаш субсидияларды этабы менен жоюу болуп саналат.

Бул Тарифтик саясат инвестицияларды тартуу үчүн жылуулук энергетикасында жагымдуу чөйрөнү түзүүгө, ошондой эле керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз борбордоштурулган жылуулук менен жабдуу боюнча чараларды көрүүгө жардам берет.

2. Жалпы принциптер

Бул Тарифтик саясат төмөнкү принциптерге негизделет:

- тарифтер жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча бардык чыгымдарды жабууга тийиш;

- тарифтер керектөөчүлөрдүн ар бир тобу үчүн келечекте керектөөчүлөрдүн ушул категориясын жылуулук менен жабдууга кеткен бардык чыгымдарды чагылдырууга тийиш;

- субсидиялар даректүү болууга тийиш жана кирешелүү жылуулук энергиясынын төмөн деңгээлдеги керектөөчүлөрүнө (калкка) өкмөттүк социалдык коргоо программалары аркылуу багытталууга тийиш.

Мамлекеттик бюджеттин жана энергетика компанияларынын эсебинен өздүк наркынан төмөн тарифтер боюнча жылуулук энергия жана ысык суу берүү аркылуу калкты субсидиялоо мындай колдоого иш жүзүндө муктаж болгон керектөөчүлөр үчүн гана жүргүзүлүшү керек.

Ушуга байланыштуу Тарифтик саясаттын негизги принциптеринин бири - бүтүндөй калкка киреше деңгээлине карабастан субсидияларды берүүдөн киреше деңгээли төмөн болгон калкка даректүү субсидиялоого акырындык менен өтүү принциби болуп эсептелет;

- жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча чыгымдар өз ичине төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: пайдалануу чыгымдары; жылуулук тарамдарын техникалык тейлөөгө жана реконструкциялоого чыгымдар; жылуулук энергиясын жана ысык сууну сатууга чыгымдар, анын ичинде, эсептөө шаймандарын орнотуу жана аларды тейлөө чыгымдары; жылуулук менен камсыз кылуучу ишканалардын тарамдарындагы жылуулук энергиясынын ченемдик (техникалык) коромжусу, ошондой эле алардын өздүк муктаждыктарына кеткен жылуулуктун жана суунун ченемдик сарпталышы; карызды тейлөө чыгымдары; капиталдык салымдарга сарпталган чыгымдар; киреше элементи (тарифтерге киреше элементин киргизүү иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана чыгымдарды азайтуу үчүн компанияларды инвестицияларды салууга кызыктырат);

- борбордоштурулган жылуулук менен камсыз кылуу тутумунан электр энергиясынын керектөөчүлөрү менен жылуулук керектөөчүлөрдүн ортосундагы кайчылаш субсидиялоо акырындык менен четтетилиши керек.

2017-жылга чейин орто мөөнөттүү мезгилде жылуулук энергетикасындагы субсидиялоону толук жоюуга мүмкүн эмес, анткени ал керектөөчүлөрдүн бардык топтору, өзгөчө калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтердин кескин өсүшүнө алып келет. Ушул факторду эске алып, азыркы учурда электр энергетикасынан жылуулук энергетикасына субсидияны жарым-жартылай калтыруу керек.

3. Тарифтер

Жылуулук энергиясынын жана ысык суунун өздүк наркы өсүп бара жаткан, ошондой эле энергетика компанияларынын бюджетинде акча каражатынын тартыштык шартында керектелген жылуулук энергиясынын жана ысык суунун чектелбеген көлөмүнө субсидияларды берүү мүмкүн болбой жатат.

Социалдык адилеттүүлүктү сактоо жана киреше деңгээли төмөн калктын катмарын коргоо үчүн бул Тарифтик саясат аркылуу жылуулук энергиясын жана ысык сууну керектөөнүн "ченемдери" түшүнүгү киргизилүүдө. Мындай ченемдин чегинде керектелген жылуулук энергиясынын жана ысык суунун көлөмү калкка субсидияланган тариф боюнча берилет. Керектөөнүн аталган ченеминен ашыра пайдалануу керектөөчү тарабынан келечекте өздүк нарк боюнча төлөнүүгө тийиш. Калк тарабынан ченемден ашыра керектелген жылуулук энергиясы жана ысык суу үчүн "Башка керектөөчүлөр" категориясынын деңгээлинде белгиленген жогорулатылган тариф боюнча төлөнөт.

Жаңы шарттарга көнүш үчүн калкка убакыт керек болгондуктан Тарифтик саясат аркылуу жаңы принциптерге акырындык менен өтүү каралган.

Ушуга байланыштуу 2014-жылдын 1-июлунан тартып жылытууга жана ысык сууга тарифтер учурда колдонулган тарифтердин деңгээлинен 27%га жогорулайт.

Жылытууга сунушталган ченемди (35+14*j) киргизүү төмөнкүлөрдү ишке ашырууга өбөлгө түзөт:

- калктын социалдык жактан корголбогон бөлүгүн жылытуунун жогору баасынан коргоого;

- көп батирлүү үйлөрдө адамдардын иш жүзүндө жашаган фактыларын жашыруу (бурмалоо) көйгөйүн чечүүгө. Ысык сууну керектеген катталган тургундардын саны дайыма кыскарууда. Алсак, 1993-жылы "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөгөн катталган тургундардын саны 560 миң адамды түзгөн, ал эми 2013-жылы бул көрсөткүч болгону 238,9 миң адамды түзүүдө, башкача айтканда катталгандардын саны 2,3 эсеге төмөндөгөн;

- турак жайларды эсептөө шаймандары менен жабдууну жогорулатуу көйгөйүн чечүү.

Тарифтик саясат төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт:

- борборлоштурулган жылытуу тутуму аркылуу берилген жылуулук энергиясын жана импорттолуучу отун ресурстарын (газ, мазут, көмүр) пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга;

- борбордук жылытуу тутумунун жылуулук энергиясын кыйла пайдалуу жана натыйжалуу максаттарга пайдаланууга;

- кардарларда жылуулук энергиясын пайдалануунун реалдуу наркын аныктоо мүмкүндүгү пайда болушуна, бул кардарга өзүнүн керектөөсүнүн түзүмүн кайра карап чыгууга өбөлгө болот;

- жылуулук менен автономдуу камсыздоо тутумун өнүктүрүүгө;

- жылуулук энергетикасын субсидиялоону этап менен кыскартууга.

Жылуулук энергиясына тарифтер кардарлардын категориялары боюнча, жөнгө салуучу компаниялардын жылуулук энергиясын жана ага жумшалуучу сууну өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга кеткен реалдуу чыгымдарына жараша дифференцияланат.

Мисалы, өндүрүүгө тариф энергетика компанияларынын жылуулук энергиясын иштеп чыгууга кетүүчү туруктуу жана өзгөрмө чыгымдарын жабууга тийиш.

Жылуулук энергиясын жана ысык сууну берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга тариф төмөнкүлөрдөн турат, алар:

- жылытуу тарамына кошулгандык үчүн акы (1 Г кал үчүн чыгым);

- жылуулук энергиясын жана ысык сууну берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга акы (1 Гкал үчүн чыгым).

Акыркы керектөөчү үчүн тариф өзүнө жылуулук энергиясын жана ысык сууну берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга тарифти камтыйт.

4. Мындан аркы иш боюнча милдеттенме

Орто мөөнөттүк мезгилде кардарлардын ар кайсы топторунун арасындагы кайчылаш субсидиялоону толугу менен жоюш керек, мунун өзү Тарифтик саясаттын негизги максаттарынын бири болмокчу.

Керектүү каражаттын жетишсиздигинен жылуулук менен камсыздоочу уюмдардын оңдоо жумуштарын жүргүзүүдө жана жылуулук энергетика жабдууларын кайра конструкциялоодогу кийинки жылдарда кыйла артта калгандык жылуулук энергетикасына инвестициялардын азыркы көлөмдөрү жетишсиз экенин жана кошумча инвестиция тартуу зарыл экендигин далилдеп турат. Андай инвестициялардын ордун толтуруунун жалгыз булагы болуп жылуулук энергиясына тарифтер эсептелишет.

Ушуга байланыштуу тарифтердин деңгээли жана аларды жогорулатуунун темптери жылуулук энергетикасындагы компаниялардын инвестициялык милдеттенмелерине жараша кайрадан каралып турат.

Импорттолуучу отун ресурстарынын (көмүр, газ, мазут) баалары такай кымбаттап жаткан шартта жүргүзүлүүчү Тарифтик саясаттын негизги милдеттеринин бири жылуулук энергиясына жана сууга тарифтерди тийиштүү темпте өз убагында өзгөртүп туруу болууга тийиш. Мындай ыкма жылуулук энергиясына жана сууга тарифтерди бара-бара өзүнүн иш жүзүндөгү наркына жеткирүүгө мүмкүндүк берет жана келечекте жылуулук энергетика секторунун финансылык туруктуулугун камсыздайт.

5. Тарифтерди белгилөө жол-жоболору

Тариф түзүүнүн жаңы жол-жобосунун мааниси тарифтердин бир топ натыйжалуу түзүмүн белгилөө жана тарифтерди энергетикалык компаниялардын чыныгы чыгымдарына ылайык келтирүүдө турат.

Ушуга байланыштуу 2014-жылдын 1-июлунан тартып, андан ары жыл сайын 1-апрелден тартып жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтерди жогорулатуу сунушталат, алар Ушул тарифтик саясаттын тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.

Ар бир жылдын аягында отун ресурстарына (газ, мазут, көмүр) баалардын өзгөрүүсүнө талдоо жүргүзүлөт. Мындай талдоонун жыйынтыгында жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтер жана алардын кийинки жылы жогорулатуунун темптери өзгөртүлөт. Жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтер, ошондой эле аларды жогорулатуунун темптери келечекте энергетика жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жыл сайын кайрадан каралып турууга тийиш. Мындай кароодо жылуулук энергетика секторундагы ишканалардын ишинин негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүндөгү мурда эсептөөдө кабыл алынган көрсөткүчтөрдөн четтөөлөр эске алынат. Ошондой эле, жылуулук энергетика секторундагы ишканалардын инвестициялык милдеттенмелери каралууга тийиш, алар жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтердин деңгээлине, ошондой эле келечекте алардын жогорулоо темптерине таасир этиши мүмкүн.

Ушул Тарифтик саясаттын принциптерин ишке ашыруу максатында "Калк" категориясы үчүн субсидиялануучу тариф жылуулук энергиясын керектөөнүн ченемине карата гана колдонулат (ченем боюнча тариф).

Азыркы убакта калктын көп бөлүгүндө ысык сууну эсепке алуучу шайман жок жана турак жайга катталган ар бир киши айына 4,8 м3 өлчөмүндө керектөө ченеми боюнча ысык сууга төлөйт. Ушуга байланыштуу, ысык сууну керектөөнүн ченеми катары керектөөнүн ушундай чоңдугу, б.а. турак жайга катталган ар бир кишиге айына 4,8 м3 өлчөмүндөгү чоңдук каралат. Бирок, ысык сууну керектөөнүн ченемин киргизүү керектөөчүлөрдүн көп бөлүгү керектелген ысык сууну эсепке алуу шаймандары менен жабдылгандан кийин гана мааниге ээ болот. Ушуга байланыштуу, ысык суу боюнча ченемден ашкандыгы үчүн жогорулатылган тарифти киргизүү мөөнөтү жөнүндө чечим кийинчерээк кабыл алынат.

Турак жай белгиленген курулуш ченемдерине ылайык келсе, анын мүнөздөмөсүнө карабастан (шыптын бийиктиги, тосуучу курулмалардын тиби ж.б.) жылуулук энергиясын керектөөнүн ченеми катары төмөнкүлөр алынат:

1. Жылуулук энергиясын эсепке алуу шаймандары болбогон керектөөчүлөр үчүн:

а) жалпы аянты 35 м2 ашпаган турак жай имаратын жылытуу үчүн керектүү жылуулук энергиясынын саны, турак жайга катталган биринчи адамга;

2) ушул турак жайга катталган ар бир кийинки (экинчи, үчүнчү ж.б.) адамга мындай турак жайдын жалпы аянтынын кошумча 14 м2 жылытуу үчүн керектүү болгон жылуулук энергиясынын саны;

- жылуулук энергиясын эсепке алуу шаймандары бар керектөөчүлөр үчүн:

1) жалпы аянты 35 м2 көп эмес турак жайга эсептелген эсепке алуу шаймандарынын көрсөткүчтөрү боюнча турак жайга биринчи катталган адамга 1 м2 жылытууга жылуулук энергиясынын салыштырмалуу чыгымын эсепке алуу менен жылуулук энергиясынын иш жүзүндөгү саны.

Жылытууга жылуулук энергиясынын салыштырмалуу чыгымы (айына 1 м2 Гкал) төмөндөгү формула боюнча эсептелет:

 

 

 

мында:

 - жылуулук энергиясын эсепке алуу шаймандары менен жабдылган батирдин жылытуу мезгилинин бир айында керектеген жылуулук энергиясынын иш жүзүндөгү саны (Гкал/айына);

 - жылуулук энергиясын эсепке алуу шаймандары менен жабдылган батирдин жалпы аянты (м2).

Жылытуу үчүн ченем боюнча 35 м2 туура келген жылуулук энергиясынын чоңдугу аныкталат:

 

 

 

Ченемден ашкан жылуулук энергиясынын саны:

 

 

 

2) мындай турак жайдын жалпы аянтынын кошумча 14 м2 жылытуу үчүн эсепке алуу шаймандарынын көрсөткүчтөрү боюнча турак жайга катталган ар бир кийинки (экинчи, үчүнчү ж.б.) адамга 1м2 жылытууга жылуулук энергиясынын салыштырмалуу чыгымын эсепке алуу менен жылуулук энергиясынын иш жүзүндөгү саны.

Ар бир кийинки катталган кишиге 35 м2 + 14 м2 ченем боюнча жылытууга туура келген жылуулук энергиясынын чоңдугу аныкталат:

 

 

 

мында:

j - ушул турак жайда катталган жашоочулардын саны;

ченемден ашкан жылуулук энергиясынын саны;

 

 

 

Эгер турак жайда эч ким катталбаса, бул турак жайга керектөөнүн ченеми колдонулбайт жана керектелген электр энергиясынын бардык көлөмүнө төлөм "Башка керектөөчүлөр" категориясы сыяктуу деңгээлде белгиленген жогорулатылган тариф боюнча жүргүзүлөт. "Калк" категориясы үчүн турак жайды жылытууга ченемден жогорку тарифти киргизүү 2014-жылдын 1-июлунан тартып пландалууда.

"Бишкек жылуулук энергиясы" коммуналдык ишканасынын жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле башка жылуулук менен жабдуучу уюмдардын отканаларынан жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу максатында жылуулук энергиясын алуучу калк үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга, анын ичинде ченемден жогору керектөөгө болгон тарифтер "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунан жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун түзүмдүк бөлүнүштөрүнөн жылуулук энергиясын алуучулар үчүн белгиленгендей өлчөмдө эле болот.

Көп батирлүү үйлөрдөгү батирлердин жана турак жайлардын ээлеринин жалпы үлүштүк менчиги болуп эсептелген үй ичиндеги тарамдарды жана жылуулук, ысык суу менен камсыздоо тутумдарынын инженердик жабдуусун техникалык тейлөө боюнча кызматтарга төлөмдүн өлчөмү көп батирлүү үйлөрдө жайгашкан жылуулук энергиясын жана ысык сууну керектөөчүлөр үчүн өзүнчө белгиленет.

6. Корутунду

Жылуулук энергиясын жана ысык сууну керектөөчүлөрдүн ар түрдүү топторунун ортосундагы, ошондой эле борборлоштурулган жылуулук менен камсыз кылуу тутумунан жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн жана электр энергиясын керектөөчүлөрдүн ортосундагы кайчылаш субсидия акырындык менен четтетилүүгө тийиш.

Жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтерди белгилөөгө карата учурдагы мамиле, атап айтканда, керектөөчүлөрдүн бир тобуна тарифтерди көтөрүүнүн эсебинен керектөөчүлөрдүн башка тобуна тарифтерди төмөндөтүү, ошондой эле электр энергиясын экспорттоодон түшкөн кирешенин жана бюджеттеги каражаттардын эсебинен жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдү субсидиялоо жылуулук энергетика секторундагы ишканалардын реалдуу чыгымдарын чагылдырбайт. Ушуга байланыштуу, жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтерди белгилөөгө карата мындай мамиле акырындык менен өзгөртүлөт.

 

 

 

2014-2017-жылдарга жылуулук
энергиясына Кыргыз Республикасынын
орто мөөнөттүү тарифтик саясатына
тиркеме

Акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтердин өлчөмдөрү (салыктарды эсепке албаганда), ошондой эле 2014-2017-жылдарга аларды жогорулатуунун темптери

Тарифти түзүүчү жана керектөөчүлөрдүн тобу

Чен. бирд.

Тарифти жогорулатуу күнү

01.07.2014

01.04.2015

01.04.2016

01.04.2017

Жылытуу максатында жылуулук энергиясына тарифтер

1.1

Калк (ченем боюнча)(*)

сом/Гкал

917,78

1134,76

1366,93

1615,35

 

Өсүү

%

28,3

23,6

20,4

18,2

1.2

Калк (ченемден ашканда)

сом/Гкал

1557,25

1695,1

1833,62

1981,29

 

Өсүү

%

117,8

8,8

8,1

8,0

2

Өнөр жай

сом/Гкал

1557,25

1695,1

1833,62

1981,29

 

Өсүү

%

67,5

8,8

8,1

8,0

3

Бюджеттик керектөөчүлөр

сом/Гкал

1557,25

1695,1

1833,62

1981,29

 

Өсүү

%

67,5

8,8

8,1

8,0

4

Башка керектөөчүлөр

сом/Гкал

1557,25

1695,1

1833,62

1981,29

 

Өсүү

%

67,5

8,8

8,1

8,0

Ысык сууга тарифтер

1.1

Калк (ысык суу үчүн жылуулук энергиясына)

сом/Гкал

664,96

981,76

1298,56

1615,35

 

Өсүү

%

28,3

47,6

32,2

24,4

1.2

Калк (эсепке алуу шаймандары боюнча ысык суу үчүн)

сом/м3

48,55

64,38

80,29

96,31

 

Өсүү

%

18,1

32,6

24,7

19,9

2

Калк (1 кишиге керектөө ченеми боюнча ысык суу үчүн)

сом/ай

233,03

309,03

385,41

462,27

 

Өсүү

%

18,1

32,6

24,7

19,9

3

Бардык калган керектөөчүлөр (ысык суу үчүн жылуулук энергиясына)

сом/Гкал

1557,25

1695,1

1833,62

1981,29

 

Өсүү

%

67,5

8,8

8,1

8,0

4

Өнөр жай

сом/м3

89,59

97,19

104,91

113,14

 

Өсүү

%

49,3

8,5

7,9

7,8

5

Бюджеттик керектөөчүлөр

сом/м3

89,59

97,19

104,91

113,14

 

Өсүү

%

49,3

8,5

7,9

7,8

6

Башка керектөөчүлөр

сом/м3

89,59

97,19

104,91

113,14

 

Өсүү

%

49,3

8,5

7,9

7,8

Эскертүү:

(*) - жалпы аянты 35 м2 болгон турак жайды жылытууга биринчи катталган кишиге сарпталган жана жалпы аянты 14 м2 турак жайга кошумча ар бир кийинки катталган кишиге сарпталган жылуулук ченем катары алынат.