2018-жылдын 26-мартында мамлекеттик агенттиктин жалпы жамааты “Таза жашоо” долбоорунун негизинде Бишкек шаарында жарыяланган айлана-чөйрөнү тазалоо, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында ишембиликке чыгышты.
Ишембиликке чыккан 30 кызматкер Бишкек шаарындагы Муромск, Куюк, Айни көчөлөрүнүн айланасын шыпырып тазалоо иштерин жүргүзүп, таштандыларды чыгарышты.
Айлана-чөйрөнү тазалоо жана жашылдандыруу иштери мындан ары да мамлекеттик агенттикте үч ай бою жүргүзүлмөкчү.
В ленту новостей: