+996 (312) 56 28 97
gosdeptek@gmail.com
Миргуль Айдарова мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды

2018-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин чоң залында директордун орун басарын дайындоо боюнча жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Өнөр-жай, отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Адилет Акматалиев, эксперт Улугбек Нургазиев жана мамагенттиктин жалпы жамааты катышты.

Иш-чаранын ачылышында Адилет Акматалиев Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 22-мартындагы № 172 буйругун окуп, Айдарова Миргуль Мырзагелдиевна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалышы менен куттуктады.

«Сиздердин жамаат жаш кадрлар менен толукталган күчтүү команда экенин билебиз. Биз сизден көп ийгиликтерди күтөбүз. Мындан аркы жооптуу ишиңизге ийгиликтерди жана сизге күч-кубат каалайбыз», - деди Адилет Акматалиев.

Эске салсак, буга чейин Миргуль Айдарова аталган мамлекеттик агенттиктин тарифти жана бааны жөнгө салуу бөлүмүн жетектеп келген.

Энергетика тармагында 33 жылдан бери тынымсыз эмгектенет.   

Filtered HTML

  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Разрешённые HTML-теги: <a> <em> <strong> <cite> <blockquote> <code> <ul> <ol> <li> <dl> <dt> <dd>
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.

Plain text

  • No HTML tags allowed.
  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.
CAPTCHA
Для доказательства того, что вы человек введите пожалуйста символы с картинки
Image CAPTCHA
Введите символы с картинки