+996 (312) 56 28 97
gosdeptek@gmail.com
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жамааты белгилүү тарыхчы менен жолукту

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чараларды өткөрүү планынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата Мамлекеттик агенттиктин жамааты белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумагул Байдилдеев менен жолукту.

Иш-чаранын максаты – “тарыхы болбой эл болбойт” дегендей, кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун жаш муундарга жайылтуу жана урунттуу тарыхый окуяларды даңазалоо.

Жолугушуунун жүрүшүндө тарыхчы жаштарга “1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүш”, “Улуу Октябрь социалисттик революциясы”, “Саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгы” темаларынын алкагында кенен маалымат берди.

Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги” ата-бабалардын арбагына куран багыштап, алардын бейитине гүл коюшкан.

В ленту новостей: 

Filtered HTML

  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Разрешённые HTML-теги: <a> <em> <strong> <cite> <blockquote> <code> <ul> <ol> <li> <dl> <dt> <dd>
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.

Plain text

  • No HTML tags allowed.
  • Адреса страниц и электронной почты автоматически преобразуются в ссылки.
  • Строки и параграфы переносятся автоматически.